Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Роза Даудованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Алмаз Атамбаев кечээ, 16-июнда түнү Бишкекке учуп келди. Ал эми бүгүн ал жумушка чыкканын өкмөт башчынын кабылдамасынан ырасташты. Алмаз Атамбаев Түркиянын Анкара шаарында аскерий-медициналык академиясынын ооруканасында дарыланууда жүргөн. 10-июндан 15-июнга чейин премьер-министрдин милдеттерин вице-премьер-министр Досбол Нур уулу аткарып келди. (MSu)