Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

15: 26 Бүгүн чөлгө айланууга жана кургакчылыкка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү


Бул күн дүйнө мамлекеттеринде 1994-жылдан тартып ар жыл сайын белинеп келет. Быйыл 17-июнь - чөлгө айланууга жана кургакчылыкка каршы күрөшүүнүн күнү “Кургакчылык жана климаттын өзгөрүшү – бир глобалдык коркунуч” деген аталышта белгиленүүдө. Анын алкагында БУУнун кургакчылыкка каршы күрөшүү боюнча конвенциясына кол койгон 191 өлкөнүн өкүлдөрү кургакчылыкка жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жою маселелерин талкуулашат. Кургакчылык – айлана чөйрөнүн бузулушуна алып келет. Ар жыл сайын жердин чөлгө айлануусунан жана кургакчылыктан кырк эки миллиард доллар өлчөмүндөгү айыл чарба продукциясы алынбай калып жатат.

Ал эми бүгүн Кыргызстанда суу чарба кызматкерлери кесиптик күнүн белгилешүүдө.
Жалпысынан Кыргызстанда үч жарым миңден ашуун суулар бар, алардын ириси: Нарын, Карадарыя суулары. Эки минге жакын көл бар. Ири көлдөрдүн катарына Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөл кирет. (MSu)

XS
SM
MD
LG