Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

17:18 Жоомарт Сапарбаев: Орусия менен биригүү демилгесине азырынча убакыт жете элек


“Ата-Мекен” партиясынын жаш канатынын лидери “Азаттыктын” суроолоруна берип жатып, “Ааламдашуу мезгилинде, мамлекеттер өз ара кызматташып, Евробиримдик сыяктуу союздар көбөйө берет. Биз бул нерседен коркпошубуз керек. Балким Орусия менен мындан дагы тыгыз кызматташуу сунушу 20-30 жылдан кийин орундуу болот. Бирок азырынча ага убакыт жете элек”, деди. Жаш саясатчы өз убагында Евробиримдик экономикалык карым-катнашты жакшыртуу максатында уюшулгандыгына токтолуп жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстан андай кадамга даяр эместигин айтты. “Азыр эле Орусияга бара калып, бирдиктүү акчаны киргизебиз, чек араларды алып таштайбыз деген туура эмес. Эн алгач бардык нерсени тараза коюп алган оң”, деп кошумчалады Жоомарт Сапарбаев. (ZMa)

XS
SM
MD
LG