Бул эксперттик топ Камеко менен сүйлөшүүлөр жүргүзүү үчүн материалдарды топтоп, канадалыктар менен алдын-ала кеңешүүлөрдү, такташууларды жүргүзгөн. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубковдун маалыматы боюнча, эксперттик топ акыркы жыйналышка ушул жумада чогулуп, андан кийин даярдалган материалдарды өкмөт башчыга сунуштайт. Белгилүү болгондой өкмөт башчы Алмаз Атамбаевдин буйругу менен каржы министри Акылбек Жапаров башында турган эксперттик топ түзүлүп, ал Кумтөр кенинен Кыргызстанга көбүрөөк пайда, үлүш алуунун үстүнөн иш жүргүзүүдө. (AiT)