Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: ИНВЕСТОРЛОРДУН КӨЗДӨГӨНҮ БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ СУУ ЭКЕН


Камбарата 1-2 ГЭСтерин курууга инвестиция тартуу үчүн алардын статусун өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамдолбоору Жогорку Кеңештин кароосуна кайрадан коюлган жатат. Бирок бир катар депутаттар аталган мыйзамдолбоору жарым жылдан эрте кайталап каралбашы керек деп каршы чыгышууда. Мындай мыйзамдолбоору парламентте өткөн жумада биринчи жолу каралганда добуш жетишпей, өтпөй калган. ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев “Азаттык” менен болгон маегинде бул маселе боюнча оюн ортого салды.

- Өткөн аптада парламент Камбарата ГЭСтери тууралу мыйзам долбоорун кабыл албай койду. Ага каршы добуш бергендердин ичинде сиз да болдуңуз. Мунун себеби эмнеде?

- Токтогул дарыясындагы ГЭСтердин каскадын куруу бул жөнөкөй гана экономикалык маселе эмес. Бул мамлекеттин суверендүүлүгүнүн, жашоосунун көз карандылыгы. Биздин аймактай эле, биздин калкыбыздай эле суу ресурстары Орто Азияда мамлекеттүүлүктүн негизин түзөт. Ошондуктан биз ал жердеги ГЭСтерди куруунун принциптерин толук билбей туруп, 10-50-100-200-жылдан кийин кандай болоорун билбей туруп, 90-жылдын башындагыдай болуп эле тарс этип көздү жумуп, жеке колго берип жиберүүдөн чочуп жатабыз. Биз өкмөттөн так 1-2 принципти түбөлүккө бекитип алсак.

Азыркы саясатчылар, келечектеги саясатчылар 10 жылдан кийин, 100 жылдан кийин да ошол принципти тутунса. Суранса республиканын четинен жерин кесип берип атабыз, түбөлккө суу ресурстарынын үстүнөн көзөмөлдүктү берип салган атабыз. Мына ушул принциптерди аныктап алып туруп берели деп атабыз. Тилекке каршы өкмөт, президент да андай принциптерди сунуштаган жок, тескерисинче парламент сунуштаган принциптерге кол койбостон андан баш тартып атат. Анткени бул жерден ачык көрүнүп калды бизге келебиз деген инвесторлордун максаты энергия эмес, алардын максаты биринчи кезекте суу болуп жатат.

- Сиз каршы добуш бериптирсиз, сиз менен кошо депутаттардын бир тобу каршы болуптур. Бирок Кыргызстандын ошол ГЭСтерди куруп алганга өзүнүн каражаты барбы? Тышкы карыздар эле 2 млрд. доллар болуп жаткан учурда ГЭСтерди курууга каражатты кантип табу керек?

- Биринчиден, биз сөзсүз эле өзүбүз курушубуз керек деген жокпуз. Мейли 100 пайыз чет элдиктер келип курсун, бирок жанагы айткандай энергия сиздики, суу биздики. Сууну биз көзөмөлдөйбүз, сууну пайдалануу режимин биз аныктайбыз. Экинчиден, суу түбөлүккө бекер болгондуктан биз канчалык процент алганыбызга карабастан иштелип чыккан энергиянын жарымынан көп пайызы биздики болуш керек. Кудай берген бекер энергия болуш керек. Анткени ТЭЦтерде, атом энергетикаларында чыккан энергиянын жарымынан көп наркы бул энергиялык ресурстардын уран, нефть, газ, көмүргө кеткен баа болот экен. Мына биз ушул принциптерди аныктап, керек болсо Конституциябыздын деңгээлине көтөрүп бекитип алгандан кийин гана биз жанагыга окшогон жеке инвесторлорду сырттан, же өзүбүздүн ичибизден киргизсек болот. Бул эң негизги момент.

Биз өзүбүз эле куралы деген ойдон алыспыз. Экинчиден, президент жана башкалар “кокуй быйыл курбасак түбөлүккө кеч калабыз, поезд кетип атат, кийин эч ким келбейт” дегени бул туура эмес сөз. Жыл өткөн сайын суунун дагы, ГЭСтин дагы баасы өсөт. Келечек муунга да шанс калтырышыбыз керек. Алар өз тагдырын, мамлекеттин тагдырын өздөрү аныктагандай болуш керек. Баарын өзүбүз азыр чечип коёлу деген көз караш дагы туура эмес. Албетте куруш керек, бирок түбөлүккө калып калабыз, түбөлүккө курулбай калат деген ой эмес. Биз негизги принциптерди аныктап коюшубуз керек.

- Өмүрбек мырза, өкмөттүн шашылыш ушундай маселени кабыргасынан коюп аткан себеби эмнеде анда?

- Мамлекет жана өкмөт башчылары кимдир бирөөлөргө абдан чоң убада бергендей. Ошол убаданы алып чыгыш үчүн болуп көрбөгөндөй парламентти кысымга алууга барып шаштырып жатышат. Мына биринчи күнү да кайрадан бул мыйзам долбоорун алып чыгабыз дейт. Бул биздин закон боюнча туура эмес, өтпөй калган мыйзам жарым жылдан кийин гана чыгышы мүмкүн. Тилекке каршы 1-2 жерин өзгөртүп эле алып чыга коёбуз дейт, бирок ал мыйзамдын заты өзгөрбөйт, ошол эле Камбарата-1-2 болуп калат. Ошондуктан бул өтпөй калган эле мыйзам болуп эсептелинет. Тилекке каршы ушундай шылтоо менен, Асан добуш бере албай калыптыр, Үсөн түшүнбөй добуш берип алыптыр деген техникалык деген шылтоо менен кайра алып чыгабыз деп атат. Бул өкмөт, президент ушуга көнүп калышты. Өзүңүз билесиз Конституция төрт жолу өтпөй калып бир күндө төртүнчүсүндө эптеп зордоп жатып өткөрүштү. Ал эми бир жолу Конституция өтпөй калгандан кийин ал бир жылдан кийин гана каралышы керек. Демек ГЭСти дагы төрт жолу койгондой булардын өзүлөрүнүн ар-намыс деген түшүнүгү бар.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG