Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев бүгүн өкмөт мүчөлөрү менен жыйналышта билдирди.Президенттин маалыматы боюнча,өткөн жылы өкмөт парламентке 174 мыйзам долбоорун сунуштап, анын 55 гана кабыл алынган. Быйылкы жылы 58 долбоор сунуштаган. Анын тогузу кабыл алынды. Мыйзам долбоорлорду көбүнчө депутаттар сунуштап жатат. Бирок алар популисттик багыттагы долбоорлорду алып чыгууда. Пенсия жашын төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзам мына ошондой мыйзам, деп белгиледи президент. (AiT)