Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

ӨКМӨТ МЫЙЗАМ ЖАЗСЫН, ДЕПУТАТТАР ЖОЛ ОҢДОШСУН


Өкмөт мыйзам долбоорлорун учурунда даярдап, парламент аркылуу өткөрүүгө анчалык маани бербейт. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев 18-июнда өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөргөн кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы парламент мүчөлөрү көбүнесе өлкөнүн экономикалык чама-чаркына чак келбеген мыйзам долбоорлорун сунуштап, кабыл алышууда деп билдирди.

Президенттин маалымдашынча, өткөн жылы өкмөт тарабынан 174 мыйзам долбоорлору парламентке сунуш кылынып, анын 55 гана кабыл алынган. 10 мыйзам долбоору четке кагылган. 4 мыйзам долбоору кайтарылып алынган. Быйылкы жылдын көрсөткүчү деле чеке жылытарлык эмес. 58 мыйзам долбоору сунуш кылынса анын 2 гана кабыл алынган. Кайриет, дүйшөмбүдө депутаттар активдүү иштеп, алардын катарын дагы жетиге арбытып берди. Ошону менен бул жылдын көрсөткүчү тогузга жетти.

Кеңешмеде экономикалык мыйзамдарга өзгөчө көңүл бурулуп жатышынын себеп-жөнүн К.Бакиев быйылкы жылы ички дүң продуктунун өсүшү 9,3% чыгып, «Кумтөрдү» кошпогондо ал 12% жакын көтөрүлгөнүнө байланыштуу түшүндүрдү. Эми мына ушул ыраатты бир калыпта сактап калуу маанилүү милдет бойдон калышы керек.

- Экономикалык өнүгүүнү 8 – 9% жеткириш үчүн биз өлкөгө ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизишибиз керек. Тилеккке каршы, мыйзамдык негиз инвесторлордун негизги тармакка акча каражатын жумшоого шарт түзүп бербейт. Ошон үчүн мамлекет менчигинен айрым объекттерди чыгаруу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири болуп калыш керек. Ошондон мага айрым парламентчилердин көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруш үчүн гана жасаган “биз өз күчүбүз менен «Камбарата – 1» жана «Камбарата – 2» ГЭСтерин курабыз” деген билдирүүлөрү түшүнүксүзб- деди Курманбек Бакиев.

Президент антип депутаттар көпчүлүктүн көңүлүн буруш үчүн дымактуу билдирүүлөрдү жасаштан мурун шайлоочулар алдында берген убадаларын: үйдүн чатырын оңдоо, таза суу жеткиртип берүү, жолду, көпүрөлөрдү оңдоо сындуу иштерди жасашса жакшы болор эле, деген пикирин билдирди.

Айтса, популисттик маанайдагы мыйзам катары К.Бакиев пенсия курагын төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун мүнөздөдү. Пенсия курагын төмөндөтүп, мамлекеттен үмтөткөндөрдүн санын көбөйткүчө карыларга берилчү акчаларды арбытсак жакшы болор эле, деген оюн айтты.

«Камбарата» ГЭСтерин чет эл инвесторлоруна берүү азыркы өкмөттүн эң чоң жаңылыштыгы болорун, учурунда «Кумтөр» инвестициялык долбоору деле Кыргызстан үчүн жакшы дегидей шарт менен башталганын, жыйынтыгында өкмөттүн акциялары азайып, андан өлкө эч кандай пайда көрбөгөнүн депутат Өмүрбек Текебаев айтып келатат.

- Президент эрки болсо мына ушул системаны тартипке салышы керек. Мына ошондой эрки бар өкмөткө, эрки бар президентке гана ишенип биз мына ушундай инвесторлорду чакырганга барышыбыз керек.

«Электр станциялары» акционердик коомунун президенти Сапарбек Балкыбековдун ырасташынча, «Камбарата» инвестициялык долбоорлору ишке кирсе 20 миңге жакын адам иш менен камсыз болуп, кыйла маселелер чечилет эле.

- Биз эч кандай пайда албай, жөн эле турабыз. «Камбарата» эмне, тура берет, отуз жылдан кийин курса деле болот.

Депутат Алмамбет Матубраимовдун пикиринде, «Камбарата» ГЭСтерин чет элдик инвесторолордун колуна бериш туура эмес, бул жерде ГЭС курулушунан мааниси жагынан ашса аша турган, асти кемибей турган суу маселеси турат.

Президент К.Бакиевдин айтуусунда, энергетика тармагын реформалоонун 4-этабын баштоонун маалы келип калды. Бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүү гана коммерциялык, техникалык жоготууларды азайтмак. Демилге катары ушу тапта Чүй менен Көл кылаасында иштеп жаткан эки жеке менчик компанияда «коммерциялык жоготуулар жок, электр акысын чогултуу толугу менен жүргүзүлүүдө», деп белгиледи мамлекет башчы.

XS
SM
MD
LG