Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

18:21 Аксы райондук бийлик имаратынын алдында кайрадан нааразылык жыйыны өттү


Акцияга катышкан 100-120 киши 15-июнда Раимбек Абдышевдин эки шериги менен уруп-сабалып, кармалып кетишине нааразылык билдиришти. Анын кылмыштуу топко тиешеси жок жана элге кайрымдуу экендигин белгилешип, эч жакка кетпөө талабы менен аны абактан чыгарып берүүнү жана ага байланыштуу кылмыш ишин Аксы районунда жүргүзүүнү талап кылышты. Мындай маалымат райондогу «Тынчтык жана үмүт» коомдук бирикмесинин төрайымы Светлана Варавинадан алынды. Адам укугун коргоочунун айтымында нааразылык акциясы 17-июнда райондун борборунда башталган. Бүгүн алар менен район акими, прокурор, райондук ички иштер бөлүм башчысы жолугушуп, түшүндүрмө беришкен. Пикеттин болгондугун ырастаган райондун акими Аскербек Алиев Раимбек Абдышев 2002-жылы Бишкекте өлтүрүлгөн немис ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен кармалып, Ош шаарына алынып кеткендигин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG