Аталган лицей 1997-жылы ачылып, ошол жылдан бери өздөрүнүн туруктуу жайгашкан жери жок болуп, ар кайсы жакка көчүп окуп келишкен. Былтыркы жылдын сентябрь айында облустук сот департаменттин имаратына жайгаштырылган. Сот департаменти облустук биргелешкен оорукананын бир бурчуна көчүрүлгөн. 16-июнда облустун губернатору Байымбет Мураталиев саламаттык сактоо министри Туйгунаалы Абдыраимов менен жолугушкандан кийин, сот департаменти жайгашкан имарат аларга толугу менен өткөрүлүп берилди.(UA)