Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

МОСКВАНЫ ЛАМПОЧКA САКТАП КАЛАБЫ?


Орусиянын борбор калаасы электр жарыгы өчкөндө бир заматта караңгылыкка чөмүлгөн мезгил артта калды. Бүгүн көз карайгандан тартып, Москванын көчөлөрүндө ар кыл түстүү жарык күйүп, казинонун жарыктары күйүп, жанып, көп түстүү жарданамар көздүн жоосун алат. Бирок Москванын ушунчалык көп электр кубатын коротконго чамасы чак келеби? Шаардын администрациясы электр кубатын үнөмдөө боюнча кеңири иш-чараларды баштоого эмне мажбурлады?

2006-жылдын январ айында Москвада күндүн суугу минус 35 градуска жетип, миллиондогон шаар тургундары электр менен жылытуучу мештерин күйгүзүүгө мажбур болгон эле. Ошондо бийликтер шаарда жарык такыр өчүп калбасын үчүн, электр менен камсыздоону чектеп, Европага жиберилчү газдан өөнөй баштаган.

Москвада электр кубатына болгон талап өскөн сайын, шаардын эскилиги жеткен электр системасына улам көбүрөөк күч келүүдө. Орусия бүгүн дүйнөдө электр кубатын эң көп колдонгондордун арасында төртүнчү орунда турат. Өткөн төрт жылда эле өлкөнүн керектөөсү 22 пайызга өстү. Мындан тышкары өлкө айлана-чөйрөнү өзгөчө булгаган үч мамлекеттин катарына кирет.

Былтыркы катуу сууктан кийин шаар бийликтери пост советтик Орусиядагы эң алгачкы электрди сарамжалдоо боюнча түшүндүрүү ишин баштаган. Анын шарданы менен шаар тургундарын электр жарыгын үнөмдүү короткон электр лампочканы колдонууга чакырган жарнамалар пайда болгон. Бул жарнамалар ушул жылдын этегине чейин илинип турмакчы.

Айлана-чөйрөнү коргоочулар бул демилгени Орусияда ысыраптуу жүрүм-турум менен күрөштөгү алгачкы кадам деп баалашты.

Бирок Москвадагы Энергетиканын Сарамжалдуулугу деген көз карандысыз борбордун жетекчиси Игор Башмаковдун айтымында, шаар тургундарына жер энени сактап калыш үчүн энергияны үнөмдөш керек деген түшүнүк жеткирилген жок:

- Өткөн кышта катуу сууук болгондо, электр энергиясын баарына жеткире албай, өнөр-жай ишканаларынын ишин чектөөгө мажбур болушкан. Ушул себептен Мосвканын бийликтери бул кампанияны баштап жатышат. Ага экологияны коргоо зарылчылыгы эч кандай таасир эткен жок.

Башка экологдор мисалы ошол эле энергияны үнөмдөөчү лампочкалардын эмнеси артык экенин элге түшүндүрүп, анда колдонулган сымап айлана-чөйрөгө зыяндуу болгондуктан, колдонуудан чыккан лампочканы атайын жерге чогултуш керек экендиги түшүндүрүлбөй жаткандыгын айтышууда.

Азыркы түшүндүрүү иштери айрымдарды жаңы муундагы лампочкаларга өтүүгө ынандырган болушу мүмкүн, бирок Нина Ферорушина алардын катарында эмес:

- Албетте, бул өнөктүктү туура кабыл алам. Бирок бул лампочкаларды барып, сатып алганга убактым жок, балким жалкоолук кылып жатам. Чынын айтсам, мен үнөмдөбөйм, анткени биздин электр кубатына төлөгөнгө акчабыз жетет.

Орусияда коммуналдык чыгымдар мамлекет тарабынан кеңири субсидияланат, ошондуктан Федорушина сыяктуу орус жарандарынын көбү күнү-түнү сууну агызып, жарыкты күйгүзүп коюшса, чөнтөгүнө көп оорчулук келбейт. Мындан тышкары алар таасир эте албаган кырдаалдар да бар. Мисалы ысытуу системасы борбордоштурулгандыктан, кышкысын үйлөр ысып кеткендиктен шаардыктардын терезелерин чоң ачып койгондон башка аргасы калбайт.

2005-жылы Москванын электр системасын башкарган компания эл аралык ЭБРД банкынан 110 миллион доллар карыз алган эле. Энергияны аз кетирген лампочкалардан Москванын экологиясы дароо жакшырып кетпейт, бирок электр кубатын өндүргөн ишканаларга инвестиция салып, чыгымдарды азайтуу менен катар, ар бир шаар тургуну жарыкты үнөмдөөгө дитин койсо, шаардын электр жарыгына болгон муктаждыгын чектөөгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG