Ишти кароонун кайра алдыга жылдыруу чечими атайлап создуктурулуп жатат деген айыптоолор болбосу үчүн кабыл алынганын кечээ Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов билдирди. Бул ишти кароону Жогорку сот алгач 14-июнга белгилеп, бирок ишти кароого жаңы судья тартылганына негиздеп 28-июнга которуп койгон эле. Бул жолку сот жараянында 2002-жылдагы Аксы окуясында «Тайфун» операциясынын киргизилиши жана адамдарга курал колдонуунун мыйзамдуулугун аныктоо маселеси каралмакчы. Сот бул ишти Аксы окуясын кайрадан иликтеп баштаган башкы прокуратуранын өтүнүчүнөн улам кароодо.(SM)