Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов бүгүн билдирди. Алтын комиссиясынын төрагасы Болот Шерниязовдун билдирүүсүнө караганда, комиссия өз ишин бүтүп, депутаттарга маалымат берүүгө даяр турат. Жогорку Кеңеш алтын комиссиясын өткөн жылы түзүп, ал комиссия Кумтөр, Жерүй, Талдыбулак алтын кендерин иштетүү, алар боюнча түзүлгөн келишимдерди иликтеп чыккан. Комиссиянын айрым мүчөлөрү алдын ала чыгарылган жыйынтыктарда Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу сунушун айтып чыгууда. (AiT)