Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

«КАМБАРАТА» МАМЛЕКЕТТИК МАМЫГА БАЙЛАГАН ЖҮГӨНДӨН БОШОНДУ


Жогорку Кеңеш бүгүн Камбарата ГЭСтерин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорду күн тартибине кезексиз киргизип, кабыл алды. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитети тарабынан иштелип чыккан. Анда Камбарата ГЭСтерин куруунун, ага ээлик кылуунун шарттары аныкталган. Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамды кабыл алгандыгы үчүн президент Курманбек Бакиев депутаттарга ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы депутаттардын тынчсыздануусун туура түшүнөрүн белгилеп, Камбарата ГЭСтерин куруунун башталышы өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө алып келерин баса белгиледи. Кыргызстандын өкмөтү Камбарата ГЭСтерин менчиктештирүүгө чектөө салган өзгөчө статустан чыгарып, аны курууга чет элдик инвесторлорду чакырткан жатат. Бирок бир катар депутаттар ГЭСтерди куруу боюнча Өкмөттүн так иштелип чыккан план-программасы жок деп каршы болушуп, өткөн жумада өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоорун колдобой коюшкан. Ошондон кийин парламенттин отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитети Камбарата ГЭСтерин өзгөчө статустан чыгаруу жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун сунуш кылган. Президент Курманбек Бакиев бүгүн Жогорку Кеңешке өзү келип сүйлөп, Камбарата ГЭСтерине байланыштуу маселени кечиктирбей тез чечүүгө чакыргандан кийин гана акыры Камбаратаны менчиктештирүүгө, ага инвестиция тартууга жол ачкан мыйзам кабыл алынып отурат. Мамлекет башчы сүйлөгөн сөзүндө аны энергетиканы жең ичинен сатып жатат деген айыптоолор бар экенин белгилеп, андай сөздүн баары жалган деп четке какты. «Бүгүн Президентти коомчулук катуу көзөмөлгө алып карап турат, эгер инвестордон бир тыйын алган болсом, маалымат каражаттарында эчак жазып чыгышмак. Мелис Эшимканов «Агымга» биринчилерден болуп жазып чыкмак, Болот Шерниязов документтердин көчүрмөсүн көрсөтмөк»,- деп сүйлөдү Курманбек Бакиев. Анткен менен айрым депутаттар Камбарата ГЭСтерине байланышкан маселе мыйзамсыз каралды деп каршы пикирлерин билдиришти, анткени алардын жүйөөсүндө парламенттин иш регламенти боюнча добуш берүүдөн өтпөй калган маселе жарым жылдан кийин гана каралышы керек болчу. (KCh)

XS
SM
MD
LG