Мажлис таратылышы менен бирге мөөнөтсүз шайлоо 18-августка белгиленди. Ушундай жардыкка кол койгонун президент Нурсултан Назарбаев бүгүн өзүнүн "Нур Отан" партиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда жарыялады. Мунун алдында Мажлисте көпчүлүктү түзгөн "Нур Отан" партиясынын депутаттары парламентти таратуу чакырыгы менен чыгып, мындай кадам өлкөдөгү саясий жаңыланууларды тездетээрин билдиршкен эле. Казак Конституциясына май айында киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Мажлиске шайлоо партиялык тизме боюнча өтөт. Азыркы Конституцияда Нурсултан Назарбаев президенттикке өмүр боюу шайлануу мүмкүнчүлүгүн да алган.