28-июнга белгиленген бул ишти кароону бүгүнкүгө жылдыруу чечими иш атайлап создуктурулуп жатат деген айыптоолор болбосу үчүн кабыл алынганын Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов буга дейре билдирген. Аксы окуясы боюнча ишти кароону Жогорку сот алгач 14-июнга белгилеп, бирок аны кароону жаңы судья тартылганына негиздеп 28-июнга которуп койгон эле. Бул жолку сот жараянында 2002-жылдагы Аксы окуясында «Тайфун» операциясынын киргизилиши жана адамдарга курал колдонуунун мыйзамдуулугун аныктоо маселеси каралмакчы. Сот бул ишти Аксы окуясын кайрадан иликтеп баштаган башкы прокуратуранын өтүнүчүнөн улам кароодо.(SM)