Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун бүгүн парламентте билдиргенине караганда, Ысыккөл менен Кочкор аймагынын ортосундагы ачууга Совет мезгилинде күч менен тыюу салынган 15 миң тонна уран жана 50 миң тонна торий уу заттары катылып турат. Учурда аны иштетүү максатында австралиялык компания иликтөө иштерине киришти. Эгер буга олуттуу маани берип, тыюу салбаса, Кыргызстан Ысыккөлдөн да, чет элдик инвесторлордон да айрылып калат деди депутат. Депутаттын сунушунун негизинде бул маселени иликтөөнү төрага Марат Султанов тиешелүү комитетке тапшыруу убадасын берди.(BuS)