КМШ мамлекеттеринин эл аралык кызматташтык боюнча гуманитардык корунун башкармалыгынын жыйынына Азербайжан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстандан өкүлдөр катышты. Анда КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташтык боюнча гуманитардык корунун башкармалыгынын төрагасы шайланды. Ага Казакстандан Жансеит Туймебаев, ал эми теңтөрагалыкка болсо Орусиядан Михаил Швыдкой бекиди. Ошондой эле жыйын өкүлдөрү башкармалыктын иштөө жол жоболорун карашты. Жыйынтыгында, ушул жылдын ноябрь айында КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана интеллегенция өкүлдөрүнүн экинчи форумун өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (ElenK)