Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

12:37 Депутаттар тобу Токтогул ГЭСтеринин макамы тууралуу мыйзам боюнча Конституциялык сотко кайрылганы жатат


Бул тууралуу бүгүн «Ак шумкар» саясий партиясына кирген Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришти. Алардын айтымында, Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамды кабыл алууда сессияга катышпаган Кабай Карабеков, Ташкул Керексизов, Аскар Салымбеков өңдүү депутаттардын добуштары кошуп эсептелген. Ошондуктан, «ак шумкарчылар» кабыл алынган мыйзамды Конституцияга каршы келет деп, муну Конституциялык сот аркылуу териштирүүнү көздөп жатышат. Оппозициячыл депутаттар парламентте добуш жасоо аркылуу легитимсиз мыйзамдарды кабыл алуу декабрь Конституциясын кабыл алуудан башталган деп эсептешет. (BuS)

XS
SM
MD
LG