Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

14:00 Өкмөт балдардын жайкы эс алуусу үчүн уюштуруу штабын түздү


Профсоюздар федерациясынын союзу менен биргелешкен балдардын жайкы эс алуусун уюуштуруу чаралары тууралу токтомго премьер-министр Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул үчүн билим берүү министрлиги беш миллион сом эсебинде акча бөлмөй болду. Мындан тышкары жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жетекчилерине, профсоюздук органдарына да тийиштүү милдеттер жүктөлдү. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлиги жай ичи социалдык жактан коргоого муктаж жетим, майып балдарды медициналык жактан кароодон өткөрүүгө, бул үчүн жер-жерлерде атайы медициналык пункттарды уюштурууга милдеттендирилди. Уюштуруу иш-чаралары 25-июнга дейре бүтүп калаары белгиленүүдө. Бул тууралу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (ElenK)

XS
SM
MD
LG