Бул тууралуу Улуттук банктын Баткен шаарында өткөн көчмө отурумунда айтылды. Анда аймактагы банк өкүлчүлүктөрү Баткенге нак акчаны жеткирүү кыйын жолго коюлганы, Улуттук банк ушул күнгө чейин Баткенде акча сактоочу жайды кура электиги, банк өкүлчүлүктөрү нак акчаны Ош шаарынан ташып келүү үчүн инкассация кызматына ашыкча каржат кетирип жаткандыктарын айтышты. Бул тууралуу «Азаттыка» Айылбанкынын Баткен облустук филиалынын башчысы Ибрагим Жороев маалым кылды.(SA)