Эки өлкө чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны ушул жуманын аягында соңуна чыгат. Эксперттик деңгээлдеги жумушчу топтордун бул жолку отуруму Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында өтүүдө. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо иштерин улантып жатышат. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө 970 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин 460 чакырымдайы такталган. Бирок бул иштер тоо кырлары менен кеткен талаш туудурбаган чек ара тилкесинде гана жүргүзүлгөн. (SM)