Зиябиддин Магзуминин «Кокон хандарынын тарыхы» аттуу китебинин бет ачаары кыргыз-түрк Манас университетинде өтмөкчү. Китепти чыгаруунун демилгечилеринин бири Муктар Бостонбаевдин билдиргенине караганда, учурда Зиябиддин Магзуминин 500 беттен ашык дагы бир кол жазамсы табылып, аны которуу аракеттери жасалууда. Кудаяр хандын замандашы, ошол кезде хан ордосунда таасирлүү кызматкер болгон Зиябиддин Магзуми кат тааныган, билимдүү кыргыз болгон.(SM)