Ага катар коңшу Ооганстанда стабилдүүлүк орношу үчүн АКШ менен кызматташууну улантатат. Бул тууралуу бүгүн түркмөн президенти Гурбангулу Бердымухамедов Ашхабадда АКШнын Перси булуңундагы күчтөрүнүн командачысы, адмирал Уильям Фаллон менен болгон жолугушуусунда билдирди. Ушул эле жолугушууда түркмөн президенти анын өлкөсү Каспий деңизи аркылуу газ куурун орнотууну да кааларын маалымдады.