Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Түндүк Кореяга АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы барды


Кристофер Хилл Пхеньянга соңку беш жыл ичинде келген америкалык жогорку даражалуу дипломаттардын алгачкысы. Маалыматтарга караганда, Пхеньяндагы жолугушууларда Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн келечеги талкууланмакчы. АКШ, Орусия, Кытай, Жапония, Түндүк жана Түштүк Корея тартылган көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабынын максаты - мурда макулдашылгандай, Пхеньян экономикалык жардам алган шартта өзөктүк реакторун токтотуусуна жетишүү.

XS
SM
MD
LG