Жыйында Биримдиктин конституциясынын жаңы долбоору талкууга алынууда. 27 өлкөнүн лидерлери конституциянын жаңы долбоору боюнча азырынча бир пикирге келе элек. Саммиттин алгачкы күнүнүн жыйынтыгы тууралуу учурда уюмга төрагалык кылып жаткан Германия канцлери Ангела Меркел жарыялады. Бул долбоорду эки жыл мурдагы референдумдарда Франция менен Нидерландия жарандары четке кагышкан. Азыр маселе Улуубритания менен Польшанын талаптарынан улам татаалдашууда. Лондон биримдик жетекчилигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө карыш чыкса, Варшава добуш берүү тартибин өзгөртүүнү талап кылууда.