Бүгүн Жогорку соттун алдына чыгышкан жыйырмадай адам, мурдагы “Нарын рестораны” акционердик коомунун акцияларына байланыштуу маселени акыйкат чечип берүү талаптарын коюшту. “Кылым Шамы” бейөкмөт уюмунан алынган маалыматтарга караганда, Бишкек шаарындагы мурунку “Нарын” ресторанынын 53,6 пайыз акциясы Макулбек Шайбековдун үй-бүлөөсүнө тиешелүү болгон. Бирок 2004-жылдын башында “L.D.S Group” аттуу жоопкерчилиги чектелген коом 80 940 сомго сатып алган жана бул коом экс-президент Аскар Акаевдин жубайына жакын адамдарга тиешелүү болгон. Бул талаштуу маселе 2006-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда каралып, “Нарын” рестораны ААКнын тиешелүү акцияларын М. Шайбековго кайра кайтаруу жөнүндө чечим чыккан. Бирок иш Жогорку сотко чейин жетип, бүгүн сот жараяны болмок. Бирок М. Шайбековдун соттук отурум маалында ден-соолугу кескин начарлап, “тез жардам” аркылуу оорукунага жеткирилгенине байланыштуу соттук жараян келерки аптанын шейшембисине жылдырылды. (KUs)