Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

14:30 “Аксы окуясынын чын жалганы”


“Айрым адамдардын тобу элдин трагедиясынан эң ыплас жана кылмыш жолу менен акча таап, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп жатат”, деп жазылат укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик кызматкерлердин укугун коргоо комитетинин бүгүн тараткан билдирүүсүндө. Анда алты жылдан бери Аксы окуясына байланыштуу калптар айтылып, азыркы да мурунку да бийлик күнөөнү Мекен алдында ыйык милдетин аткарган тартип коргоо органдарынан издеп жатканы кошумчаланган. Ошондой эле, Азимбек Бекназаров жөн жерден эле улуттук баатырга айланып, азыркыга чейин жабырланган адам болуп жүргөнү, ошонусу менен аксылыктарды эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанды алдап адаштырып жатат деп айтылган. Билдирүүнү тараткандардын баамында, бийликке умтулган айрым саясий күчтөр жана ММК жөнөкөй кылмыш ишине саясий боек берип, өздөрүнүн максатына жетүү үчүн кырдаалды курчутуп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG