Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

17:22 Зоотбек Кудайбергенов: Аксыга акыйкат баа берилбей жатат


Аксы окуясы саясий оюнга айландырылып, айрым адамдар ал аркылуу өз кызыкчылыктарын ишке ашырып келатат. "Тартип коргоо жана башка мамлекеттик кызматкерлердин укуктарын коргоо комитети" бүгүн ушундай билдирүү таратты. Алардын бири катары билдирүүдо Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров келтирилген. Комитет төрагасы, Жалалабад облусунун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун айтымында, Аксы окуясы боюнча иликтөө Боспиектеги окуяны гана эске алып, анын келип чыгуу себептерин көңүлдүн сыртында калтырууда. Окуяга акыйкат баа берилбесе алты жылдан бери саясий оюндардын курмандыктарына айланып келаткандардын тарапкерлери нааразылык акцияларына чыгышы толук ыктымал дейт экс-прокрор. Комитеттин билдирүүсүнө байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынына Аксы окуясына байланыштуу жоопко тартылып, кайра акталышкан мурдагы мамлекеттик кызматкерлер Абдимитал Калбаев, Шермамат Осмонов, Кубаныч Токобаев катышты. (BuS)

XS
SM
MD
LG