Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:53

Польша дагы “мүнөзүн” көрсөтүп жатат


Евробиримдиктин лидерлеринин Брюсселде өтө турган саммитинде Польша европалык институттарды реформалоо тууралуу келишимге вето салып коюшу мүмкүн. Бул тууралуу жума күнү Польшанын прьемер-министри Ярослав Качински билдирди. Жаңы келишим Евробиримдиктин буга чейин колдоо таппаган Баш мыйзамынын долбоорунун оордуна башка системаны киргизүүнү көздөйт. Польшанын ишениминде, системада келтирилген жеңилдиктер жетиштүү эмес. Еврошаркетте жетекчилик кылган Германиянын канцлери Ангела Меркель болсо европалык жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү Польшанын макулдугусуз эле баштоону сунуш кылууда.

XS
SM
MD
LG