Бул тууралуу кечээ өлкө башчысы Курманбек Бакиев Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Президент Бакиев Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн чоң салымын кошконун белгилеп, долбоорлор жана гранттар үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде делегациянын жетекчиси Патрик Пилон негизги максат-Кыргызстандын экономикалык жагдайы менен жакындан таанышуу экендигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (MSu)