Ушул жылы мектеп менен 5 миң 496 бүтүрүүчү коштошот. Алардын үч жүз он төртү артыкчылык аттестатына ээ болду. Булар үчүн Бишкектин мэри Арстанбек Ногоев “Алтын казына” ресторанында атайын кече уюштуруп, баалуу белектерди тапшырат. Салтанатка вице-премьер-министр Досбол Нур уулу, Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев, Шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболова жана Бишкектин төрт районунун акимдери катышат. Бүгүн кечинде Бишкектин 90 орто мектебинде салтанаттуу жыйын өтүп, мектеп директорлору бүтүрүүчүлөргө орто мектепти бүткөндүгү тууралуу жетилүү атестатын тапшырат. Ар бир мектепте тартип коргоо кызматкерлери болуп, тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтары толук даярдыкта турат. (ZMa)