Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

15:56 Кылычбек Супатаев: Бюджетке түшкөн кирешени өндүрүштү өстүрүүгө жумшаган оң


“Бюджетке түшкөн кошумча кирешени өнөр-жайды, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана отун-суу тармагына жумшасак жакшы болот. Мындай жол менен биз жумушсуздукту азайтууга дагы мүмкүнчүлүк алабыз”,-деди “Азаттыкка” экономист Кылычбек Супатаев. Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн жыйында премьер-министр А. Атамбаев бюджетке кошумча 3 миллиард сом киреше келиши күтүлүп жатканын айткан. Анын 450 миллион сому ШКУнун саммитин өткөрүүгө жумшалаары маалым болду. Кылычбек Супатаев саммитке көбүрөөк акча жумшалып жатышын туура кадам катары баалады. ”Менимче, саммиттин бизге зыяны тийбейт. Себеби бул саммитке катыша турган Кытай, Орусия жана башка өлкөлөрдүн ишкерлери Кыргызстанга инвестиция алып келишет”,-деди экономист Кылычбек Супатаев. (ZMa)

XS
SM
MD
LG