Быйыл Нарын шаарындагы мектептерди 541 окуучу аяктады. Алардын ичинде алдыңкы 68 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болду. Бүгүн эң мыкты бүтүрүүчүлөр үчүн Наарын шаарындагы Теңиртоо аянтында салтанаттуу тапшыруу болуп, ага облус губернатору баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана архитектура, курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишенбай Кадырбеков катышып, куттукташты. Республикалык тестирлөөдөн №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин окуучусу, математика боюнча эл аралык олипиадага даярданып жаткан республикалык олимпиадалардын эки жолку жеңүүчүсү 209 балл алган Бекболот уулу Эрмек өзгөчө куттуктоого арзыды. (JI)