Администрацияга 350 миллион доллар берилмекчи. Аталган акча Хамастын колуна түшпөгөндөй механизм иштелип чыккандан кийин которула баштайт. Айдын башында Хамас Газаны көзөмөлдөөнү күч менен өзүнө алган. Ал аралыкта Палестинанын чалгындоо кызматынын жетекчиси Тафик ал Тирави Хамастын Газаны өз көзөмөлүнө алышында Иран чоң роль ойноду деп ырастады. Тирави маалымат жыйынында билдиргендей, Хамастын ондогон согушкерлери Иранда машыгуудан өтүшкөн жана уюм мыйзамсыз ташыган курал Израилге эмес Палестинанын бийликтерине каршы күрөшүүгө багытталган.
Буга чейин автономиянын президенти Махмуд Аббас Хамастын аракеттеринин артында “региондогу чет өлкөлүк элементтер турат” деп айыптаган. Бирок бир да расмий адам Иранды ачык күнөөлөй элек болчу.
Буга чейин автономиянын президенти Махмуд Аббас Хамастын аракеттеринин артында “региондогу чет өлкөлүк элементтер турат” деп айыптаган. Бирок бир да расмий адам Иранды ачык күнөөлөй элек болчу.