Алар энергетика тармагындагы коррупцияга жогорку жетекчиликтин да тиешеси бардыгын белгилешип, тармактын башчыларын алмаштырууну талап кылышкан. Ошондой эле «Жаш саясатчылар форумунун» мүчөлөрү жаңы конституция кабыл алынгандан кийин быйылкы жылы парламенттик шайлоо өткөрүүнү жакташууда. Эгерде бул талаптар аткарылбаса форум мамлекеттин жогорку жетекчилигин кызматтан кетирүү талабын коюуга аргасыз болоорун, «Жаш саясатчылар форумунун» лидерлеринин бири Адил Турдукулов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. (AiT)
9:35 «Жаш саясатчылар форуму» Камбарата ГЭСтери боюнча мыйзамга кол койбоону жана парламентти таркатууну талап кылууда