Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

16:53 Жыпаргүл Арыковага байланыштуу ишти иликтөөгө “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму киришти


Бул тууралуу уюмдун лидери Төлөкан Исмаилова бүгүн билдирди. “Бул ишти илктөөгө эми гана киришкенибизге байланыштуу азырынча эч кандай маалымат бере албаймын” деп белгиледи Исмаилова. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыкова 19-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, алар Арыкованы чет өлкөлүк жаранга жашыруун сыры бар маалыматтарды берип жаткан учурда кармаган. Арыкова менен кошо чет өлкөлүк атуул да кармалган. Акипресс маалымат агенттигинин маалымдоосуна караганда, Арыковага Кылмыш кодексинин 292 беренеси боюнча мамлекетке чыккынчылык кылган деп айып коюлду. Бирок УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азим Сулайманов бул маалыматты тастыктоодон баш тартып, расмий түрдө азырынча эч кандай маалымат жок экенин белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG