Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

18:36 Кеминдеги шайлоонун жыйынтыгына байланышкан сот улам артка жылдырылууда


Өткөн жума күнү Кемин райондук сотунда мурдагы талапкер Сейтек Чалбаевдин арызы боюнча соттук угуулар башталган. Бирок ал иш белгилүү себептерден улам бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Бүгүн болсо депутат Эрик Арсалиев тараптан сотко эч ким келбегендиктен эртеңкиге калтырылды. Арыз ээси С. Чалбаев шайлоонун экинчи айлампасында добуш сатып алуулар жана жасалма бюллетендер колдонулду деп белгилеп, БШКнын да ишин сынга алды. Ал эми БШК төрайымы Айчүрөк Эшимова шайлоо мыйзам чегинде өткөндүгүн айтып, Сейтек Чалбаевдин доо-арызы шайлоонун жыйынтыгына таасирин бере албай тургандыгын билдирди.(JJ)

XS
SM
MD
LG