Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

18:58 Ысыккөл районунун Сарыой айылында көл жээгин ижарага берүүгө жергиликтүү калк нааразылык билдирип чыкты


Көл жээктеги “Радуга” менен “Ласточка” эс алуу жайынын ортосундагы 4 гектар жерди Сарыой айылынын тургундары беш жылга ижарага алганы менен ал келишим быйыл Чоңсарыой айыл өкмөтү тарабынан бузулуп, сот элди менчигинен ажыраткан. Буга нааразы болгон эл ал жер депутат Роман Шинге 300 миң долларга сатылат деп угушуп, отчет беришин талап кылып айылдык депутаттар Касиев, Кайыров жана Сатаевдерге расмий кайрылышканда алар жооп берүүдөн баш тартышкан. Алардын бул кадамы нааразылыкты күчөткөн. Мындай нааразылыкка Чоңсарыой айыл өкмөтүнүн башчысы Көлбай Карасартов чыгып, көл жээктеги жерлерди Роман Шинге дагы, чет элдик ишкерлерге да сатууга мыйзам жок экенин билдирип, Олжобай Жапаровго ижарага берилген 4 гектар жер эми элдин сунушу менен “Нурдөөлөт” жаштар коомуна өткөрүлөөрүн түшүндүрдү. (RB)

XS
SM
MD
LG