Атбашы районуна караштуу Каратал айылында жахабанын күбөсү болуп таанылган бир жашоочусу өлүп, анын сөөгүн коюуда айылда чыр чыгып кетти. Караталдыктар маркумду жалпы айылдын көрүстөнүнө койдурбай каршы чыгышты. Туугандары сөөктү алып кетели деп Нарындан барган жахабанын күбөлөрүнө бербей, ур-токмокко чейин барышты. Маселени чечип берүүгө чакырылган Атбашы райондук мусулмандардын диний жамаат башкармалыгынын имам-хатиби Рахат Жамсап уулунан 25-июнда “Азаттыкка” алынган кабарга караганда сөөк айылга эле коюлду. Бирок жахабалар башаламандыкты уюштурду деп имамдын өзүн сотко беришкен. Атайын адистер болсо моноэтникалык Нарын аймагында акыркы беш жылдыкта чыр-чатактар болсо дин маселесинин айланасында болоорун кабарлашууда. (JI)
19:02 Нарын облусунун Атбашы районунда ар башка диндеги кыргыздардын ортосунда жаңжал чыкты