Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

ЯХТА, ПАРУС СПОРТУНА КӨҢҮЛ БУРУЛБАЙТ


25-июнда Балыкчы шаарында парус спортту боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги башталды. Мөрөй талашууга Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү да келишти. Өлкөдө яхта, парус боюнча спорт түрүн өнүктүрүү үчүн Ысыккөл абдан ыңгайлуу. Бирок бул спорт тармагына анча көңүл бурулбай келүүдө.

Совет доорунда Каракол, Түп, Чолпоната, Кажысай жана Балыкчы шаарларында парус, яхта спорт клубдары болсо, учурда Балыкчыда гана калды. Олимпиадалык оюндардын программасында парус, яхтанын 12 түрү боюнча мөрөй талашуулар өткөрүлүп жүрсө, Кыргызстанда болгону үч түрүнөн команда сакталып калган. Балыкчыда башталган өлкө биринчилиги бир кишилик “Оптимис” жана “Луч” , эки кишилик “Кадет” түрлөрү боюнча башталып, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан жетимиштен ашуун парусчулар мөрөй талашууда. Мелдеш жети күнгө созулуп, ар күнү түрдүү ыкмаларда, аралыктарда таймашуу улантылат. Парус спорту боюнча өлкөнүн ачык чемпионатынын жеңүүчүлөрү 1-июлда аныкталат.

Өлкөнүн суу спорту боюнча олимпиадалык резерв спорт мектебинин жетекчиси Владимир Бубновдун айтымында парус, яхта спортуна өкмөттук деңгээлде көңүл бурулбай, жабдуулар эскирип керектен чыккан. Ал түгүл каражаттын айынан кыргызстандык парусчулар кийинки алты жылдан Азия чемпионатына катышпай калышкан.

-Яхта боюнча эл аралык мелдештерди Ысыккөлдө өткөрүүгө мезгил жетти. Чет жактан парустуу яхталарды сатып, алып келүү кымбатка турууда. Казактар менен өзбектер Ысыккөлдө жайы-кышы машыгууларын өткөрүп, командаларын даярдап жатышат. Кыргызстандыктар көлдүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай жатабыз. Туристтердин көлүбүзгө көп келүүсүнө да өбөлгө болмокчу.
Союз ырдырагандан кийин Ысыккөлдөгү яхталар да менчиктештирилип, айрымдары эскилиги жетип, керектен чыгып калган. Кээсинин тетиги табылбай, токтоп, каралбай калган. Ошондуктан келечекте Ысыккөлгө туристтерди тартуу, эс алууну эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн яхталарды жаңыртуу, куруу маселеси пайда болгон.


Жогорку Кеңештин депутаты Маамытбай Салымбеков 2000-жылы Санкт-Петербургга барып, орустардын көл унааларын куруу тажрыйбасына кызыгып, аны Кыргызстанда өнүктүрүүгө демилгечи болгон.
Былтыр «Дордой» ассоциациясы чыгарган «Шаршенбай М» аталыштагы узундугу 16 метр 20-25 кишилик яхтаны Бишкектен куруп бүткөрүп, Ысыккөлгө жеткирген. Учурда ал туристтерди тейлеп жүрөт. Бул яхтанын өзгөчөлүктөрү: бир жума бою көл үстүндө жээкке келбей саякаттап жүрүүгө ыңгайлуу. Мындан сырткары “Дордой” фирмасы 7-8 метрлик 3 яхта куруп, туристтер түшүп, сейилдеп жүрүшөт.
Ысыккөлгө орусиялык, казакстандык жана өзбекстандык ишкерлери да өздөрүнүн чакан яхталарын алып келишип, парус спорту менен машыгууларды өткөрүп жүрөт. Жылына бир жолу гана яхта жарыштары болоорун, учурда парустардын орточо баасы 300 доллардан 2 миң долларга чейин жетээрин, бул спортко өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келатканын парус спорт чебери Арслан Мухаметжанов белгиледи:

- Бизде мыкты машыктыруучулар, адистер бар. Чынында эле яхта- парус спортуна көңүл бурулбай келгени өкүндүрөт. Техникалык жабдуу жагынан жана каражат маселеси гана кендирди кесип турат. Көпчүлүк адистер башка жактарга кетип калышты. Жылына бир жолу парустуу яхталар менен бир гана мелдеш өткөрүлүп жүрөт. Аны дагы демөөрчүлөрдүн жардамы менен уюштуруп жатабыз. Биздин жигиттер Пакистан, Индиядагы жарыштарга да барып келишкен.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG