Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

КАРА ДЕҢИЗ КЫЗМАТТАШУУ УЮМУНУН САММИТИ БОЛУП ӨТТҮ


Нарын АЙЫП, Прага 25-июнда Ыстамбул шаарында Кара деңиз кызматташуу уюмунун кезектеги бийик жолугушуусу болуп өттү. Уюмга мүчө мамлекеттер экономикалык кызматташууну күчөтүп, Кара деңиз бою менен айлана жол куруу жөнүндө макулдашты.

1992-жылы түзүлгөн бул уюмга азыр - Кара деңиз боюндагы же ага жакын 12 мамлекет кирет, андан тышкары дагы 13 өлкө жана эл аралык уюм байкоочу болуп катталган, алардын ичинде Алмания, АКШ жана Франция дагы бар. Кара деңиз кызматташуу уюму өзү 1999-жылы Бириккен Улуттарда байкоочу макамын алган жана азыркы Ыстамбул саммитинде ага Европа комиссиясы дагы байкоочу болуп кабыл алынды.

Азыркы жыйынга 11 мүчө-мамлекеттин президенттери же премьер-министрлери келип катышты жана бир катар эки тараптуу сүйлөшүү дагы болуп өттү. Андай жолугушуулардын биринде Армениянын тышкы иштер министри Вардан Осканян Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүлгө - эки мамлекет ортосундагы чек араны ачуу сунушун жасады. Армения менен Түркия ортосунда эмгиче дипломатиялык мамиле жок. Анкаранын айтымында, андай мамиле түзүү үчүн Карабак меселесин чечүү багытында жылыш болууга тийиш жана 1915-жылдагы окуялар боюнча Еревандын туруму жумшартылганы жакшы.

Украина президенти Виктор Ющенко болсо жыйында Кара деңиз чөлкөмүн эркин соода аймагына айлантуу сунушун киргизди. Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан тартып уюмдагы төрагалык жарым жылга Украинага өтөт жана Ющенконун айтымында, ал мезгилде Киев - бул уюм менен Европа биримдиги ортосундагы мамилелерди кеңейтип, чыңдай турганын айтууда.

Азыр уюмга Түркия төрагалык кылууда жана 25-июнда өлкө премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган орус президенти Владимир Путин менен кездешип, уюмдагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Путиндин айтымында, уюмду күчтүү кылыш үчүн анын алкагындагы келишимдерди узак мөөнөткө түзүү керек: "Кубат менен камсыз кылуу маселелери азыр прогресстин негизги факторлорунун бирине айланууда. Ошондуктан биздин сунушубуз - Кара деңиз алкагындагы стабилдүүлүктү чыңдаш керек жана ал үчүн кызматташуу келишимдери узак мөөнөткө түзүлүүгө тийиш", - деди Путин 25-июнда Ыстамбулда.

Жыйында кабыл алынган Декларацияда - уюмга кирген мамлекеттердеги экономикалык жагдай жакшырып бараткандыктан, Кара деңиз өлкөлөрү өзүнө жогорулатылган милдеттенмелерди алып, стратегиялык маанидеги пландарды түзүш керек деп айтылат. Мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешине - энергетика, унаа жана соода тармагында ал тууралуу атайын документтерди даярдоо тапшырмасы берилди.

Андан тышкары жетекчилер Кара деңиз бою менен айланма жол куруу жана бардык мүчө-мамлекеттердин энергетика системаларын бириктирип, кубат алкагын түзүү жөнүндө макулдашты. Деңиз порттору ортосундагы сал байланышын кеңейтүү жөнүндө дагы сөз болду. Уюмдун ишмердүүлүгүндө азыр Орусиянын мааниси улам жогорулап баратат, өлкөнүн тышкы соодасынын 15 пайызы азыр - Кара деңиз кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттерге туура келет.

Жыйын алкагында Орусия менен Грузия өкүлдөрү дагы жолугуп, Түштүк Осетия менен Абхазия маселелери талкууланат деп күтүлгөн, бирок анай жолугушуу Ыстамбулда болгон жок.

XS
SM
MD
LG