Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:23

7:08 Нарындагы авиакырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголду


ЯК-40 үлгүсүндөгү учактын кырсыкка кабылышы боюнча кылмыш иши транспорт прокуратурасы тарабынан козголгонун бул окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын кечээки жыйынында транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов билдирди. Министрдин айтымында, иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте. Өткөн ишембиде чукул кырдаалдар министрлигине таандык ЯК-40 учагы Нарын шаарын көздөй баратып, техникалык себептен мажбур конууга аргасыз болгон. Андан экипаждын 5 мүчөсү жана 9 жүргүнчү өз алдынча чыккандан көп өтпөй учак толугу менен күйүп кеткен.(SM)

XS
SM
MD
LG