Кыйноо курмандыктарына колдоо көрсөтүүнүн эл аралык күнүнө арналып уюштурулган бул «тегерек үстөл» жыйыны БУУнун Бишкектеги үйүндө өтмөкчү. Аны БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссарлыгы укук коргоочулардын «Эркиндик үнү» деп аталган тармагы менен биргелешип уюштурууда. Талкууга бийликтин, укук коргоо органдарынын, Жогорку соттун, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо борборлорунун өкүлдөрү катышмакчы. (SM)