Мындай кабарды Төлөндү Макеев 25-июнда Тышкы иштер Министрлигинин кеңешмесинде билдирди. Бишкекте өтө турчу саммитке карата ШКУга мүчө өлкө жетекчилерине жана саммитке байкоо сала турган өлкөлөргө (Монголия, Иран, Пакистан, Индия) президенттин колу менен ырасмий чакыруу баракчалары тапшырылды. Саммитке кадырлуу конок катары Түркмөнстан президенти Г.Бердимуххамедов, Ооган өлкө башчысы Х.Карзай жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да чакырылды. Бүгүнкү күнгө саммитке катышуу ниетин билдирген өлкө башчылардан жооп каттары Иран, Монголия, Түркмөнстандан келди. (ElenK)
14:24 ШКУ боюнча улуттук координатор Төлөндү Макеев саммитке даярдык соңуна чыгып калганын айтты