Басылма баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктигинин демилгесинде чыгууда. Журнал ай сайын чыгып, ал жаштар үчүн багытталган. Адистердин белгилөөсүндө өлкөдө баңгиликке түшкөндөрдүн көпчүлүгү отуз жашка чейинкилер. Андыктан журнал бетинде сергек жашоо мүнөзү даңкталып, спорт жаатында кызык макалалар жайгаштырылат. Ырасмий маалыматка караганда, Кыргызстанда баңгилердин саны 50 миңден 100 миңге чейин.(ElenK)