Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

18:48 Кеминдиктер Бермет Акаеваны үй камагынан бошотууну талап кылууда


Бул жөнүндө Кемин районундагы айрым тургундар бүгүн Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдиришти. Алар экс-президенттин кызы Бермет Акаевага болгон кысымды саясий максатта болуп жатат деп эсептешет. Бермет Акаева депутаттык жарыштан чыгарылганда аны жактаган шайлоочулар сот имаратында ээнбаштык кылды деп укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогон. Тартипсиздикти уюштурду деп айыпталып, кеминдик тургун Назарбек Жамантаев 4-майдан бери Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда. Анын бошотулушун талап кылган туугандары өткөн жума күнү митинг уюштуруп, райондук соттун төрагасы Үсөнбек Сарымсаковдун кетишин талап кылышкан. Бирок төрага бул ишке эч кандай тиешеси жок экендигин айтып, тескерисинче сотторго карата карапайым калктын кысымы күч деп билдирүүдө. (JJ)

XS
SM
MD
LG