Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:18

19:12 Ысыккөлдө милициянын ээнбаштыгына эл ичинде нааразылык күчөдү


Ички иштер министрлиги быйыл Бозтери айылына биринчи жолу уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүмүн ачып, онго жакын кызматкерди бекиткен. Анткен менен алар эс алуучулардын коопсуздугун эмес, айыл жаштарын сабап атат деген нааразылык күчөдү. Айылдык Кеңештин депутаттары Узар Жылкыбаев менен Акжол Атаевдин ырасташынча, Бишкектен келген ГУБПтин балдардын буга чейин жергиликтүү депутаттарга жер бересиңер деген кысым көрсөтүп, кол тийген фактылары болгон. Бирок облустук ички иштер башкармалыгы буга кызматтык иликтөө жүрмөйүнчө кылмыш иши козголбойт деп маалымдады. Ал эми өткөн жумада алардан таяк жеген төрт бала катуу жаракат алып, ооруканага түштү. Алардын ата-энелери жана жергиликтүү депутаттар бул боюнча эл аралык уюмдар менен укук коргоочуларга кайрылуу жөнөттү. (RB)

XS
SM
MD
LG