МАГАТЭнин инспекторлорун Түндүк Кореянын бийликтери 5 жыл мурда өлкөдөн чыгарып жиберген эле. Эми 4 кишиден турган инспекторлор тобу Түндүк Кореянын Йонбон деген жердеги атомдук реакторун токтотуу алдындагы даярдык иштерине көзөмөл салмакчы. Пхеньян быйыл февралда алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууну аткарып, финансылык жана тамак-аш жардамы үчүн өзөктүк курал программасын токтотуу иштерин колго алууга сөз берген.