Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

КАРАБАК МАСЕЛЕСИНИН КЕСЕПЕТИ ФУТБОЛГО ДАГЫ ТИЙҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Тоолуу Карабактын айынан Азербайжан менен Армения ортосундагы мамилелер 20 жылдан бери жакшы эмес. Жакында эки өлкө футбол боюнча дагы оюн өткөрүүгө кудуретсиз болуп чыкты жана Европалык футбол федерациясы Арменияга да, Азербайжанга дагы утулуш жазып таштады

2008-жылы Австрия менен Швейцарияда футбол боюнча Европанын кезектеги чемпионаты өткөрүлөт, анын финалына катышуу үчүн группадагы оюндарда жеңип чыгыш керек. Азербайжан менен Армениянын улуттук курама командалары 5-группада, алар менен кошо Польша, Сербия, Португалия жана Финляндия ойнойт, азырынча Армения 5-орунда, Азербайжан болсо - акыркы, ошондуктан алардын группалык оюндан чыгаарына эч ким ишенбейт.

Анткен менен эки өлкөнүн командалары бир-бири менен баары бир ойнош керек болчу жана ал оюндар сентябрга белгиленген, бирок эки мамлекет ортосунда мындан бир жыл мурда чыккан чатак күтүүсүз аяктады. Эгер армян командасы Азербайжанга келсе, биз алардын коопсуздугун камсыз кыла албайбыз деп, Бакы оюндарды үчүнчү мамлекетте өткөрүүнү сунуштаган, бирок кайсы жерде ойноо маселеси боюнча эки тарап бир пикирге келе алган эмес.

Натыйжада Европалык футбол федерациясы 23-июнда атайын чечим кабыл алып, эч кандай андай оюндардын кереги жок деп, эки мамлекетке тең утулуш жазып таштады. Азербайжан улуттук командасынын машыктыруучусу Шахин Диниев ага нааразы: "Чындыгында, биз үчүн бул чечим күтүүсүз болду. Биз маалымат чогултуп, акыркы күнгө чейин оюнга даярданып жатканбыз. Эми чечим кабыл алынгандан кийин, кимдир бирөө утту же утулду деп айтуу мүмкүн эмес", - дейт Диниев.

Армения Футбол федерациясынын төрагасы Рубен Айрапетяндын айтымында болсо, армян командасы утулду: "Бул чечим бүз үчүн жаман чечим болду, анткени биздин улуттук команда күчтүүрөк болчу. Ойносок, биз утмакпыз жана мелдеште көбүрөөк упай чогултмакпыз", - дейт Айрапетян.

Азербайжандын курамындагы Тоолуу Карабак өз эгемендүүлүгүн 1988-жылы жарыялаган жана СССР чачыраган мезгилде, 1991-жылдын 10-декабрында референдум өткөрүп, анын калкынын 99,9 пайызы ал эгемендүүлүктү колдогон. Кийин Азербайжан маселени күч менен чечейин дегенде, утулган жана натыйжада Тоолуу Карабак гана эмес, анын айланасындагы дагы жети азербайжан аймагын азыр армяндар көзөмөлдөйт. Карабак менен Армения ортосундагы Лачин аймагында болсо атайын жол курулуп, анклав Армения менен биригип алды.

Маселе боюнча Минск тобу деп аталган атайын эл аралык уюм дагы түзүлгөн, бирок акыркы мезгилде алар деле орчундуу жыйынтыкка жете албай келатат. 9-июнда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн бийик жолугушуу учурунда алар Армения жана Азербайжандын президенттери менен эки башка жолугуп, маселени өз алдынча талкуулоо менен гана чектелди.

Еревандын айтымында, маселе толук бир каралып, ал жөнүндө бир жалпы чечим кабыл алынууга тийиш. Бакы болсо - маселени бир нечеге бөлүп, аларды биринин артынан бирин чечиш керек деген пикирде.
XS
SM
MD
LG