Окуяга күбө болгондордун сөзүнө караганда, Тегерандын түндүк-батышында жаштардын тобу бензин куюучу жайга таш ыргытышып, өлкө президентине каршы ураандарды кыйкырышкан. Нааразылык Иран өкмөтү бензин сатууга чектөө жарыялагандан улам чыкты. Ал чектөөгө ылайык, бүгүндөн тарта өлкөдө жеке менчик автоунаа ээлери айына автоунаасына 100 литрден ашык күйүүчү куя ала албайт.
Ирандын ордо калаасында күйүүчү майды сатууга чектөө киргизилишине каршы нааразылык чыкты